<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>A</key>
<lyrics>[V1]
.A                          D
 Өзүнө чын жүрөктөн ишене алган
.E                             A
 Жандарды сүйүү менен Кудай кошту.
.                               D
 Өмүрдүн тайгак кечүү, тар жолдорун
.E                              A
 Бирге өтүүгө шерттешишти өмүр бою.

[V2]
 Көптөгөн жүрөктөр бар, бирок бирөө,
 Бирөөндө эле сага деген мээри толо.
 Баарынан кымбат жана жакын жүрөк
 Ал сенин сүйүктүүңдүн жүрөгү го.

[V3]
 Кайгырсаң, кошо келип, кайгы тартат,
 Түн уйкуңан калсаң эгер, ал да уктабайт.
 Эгерде күлүмсүрөп, сен жылмайсаң,
 Кошулуп мээрим төгүп, ал жылмаят.

[V4]
 Сактагын карегиңдей, бапестегин,
 Коргогун, таштабагын, бил керегин.
 Кечиргин, эмне болсо, бүт кечиргин,
 Абайла, бил анын морт, назиктигин.

[V5]
 Көптөгөн жүрөктөр бар, бирок бирөө,
 Бирөө гана от тамызат коломтоңо.
 Баарынан кымбат жана жакын жүрөк,
 Ал сенин сүйүктүүңдүн жүрөгү го.

[V6]
 Алмашпайт сени эч кимге, жалган айтпайт,
 Түшүнүп сени ал гана баалай алат.
 Жашоодо башка мүшкүл иш түшкөндө,
 Ал жүрөк сени эч качан таштап салбайт.

[V7]
 Ал менен бирге болсоң, оңой болор,
 Ыйсаны бекем жана чындап сүйүү.
 Сен андан жан досуңду таба аласың,
 Ал менен бирге Ыйсага бара аласың.</lyrics>
<title>Өзүнө чын жүрөктөн ишене алган РЫЖ364</title>
<hymn_number>364</hymn_number>
</song>